Ысык-Көл: Бактуу-Долоноту аймагында жаңы күрөш залынын курулушу уланууда
Новость

Чолпон-Ата шаарына караштуу Бактуу-Долоноту аймагында жаңы күрөш залынын курулушу белгиленген планга ылайык уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда учурда имараттын негизги тирөөч мамылары орнотулуп, дубалдарды тургузуу боюнча кирпич куюу иштери башталды.

Жалпы аянты 462 чарчы метр болгон спорттук объект жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулууда.

Курулуш аяктагандан кийин балдар жана жаштар үчүн күрөш менен машыгууга заманбап жана ыңгайлуу шарт түзүлөт.