Кочкор районунун Ормон-Хан айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор айылындагы И.Арабаев атындагы орто мектепке 500 орунду жаңы имарат курулду.
Мектеп директору Эльвира Эрмекова билдиргендей, 2023-жылы башталган курулуш 100 пайызга аяктап, 31-август-Эгемендүүлүк күнүнө карата ачууга даяр.
Жаңы билим уя үч кабаттан туруп окуучулар жана эмгек жамаат үчүн бардык шарттар каралган. Долбоор алкагында, мектеп эмеректер менен жабдылып, 50 видео көзөмөл камералары орнотулду. Ошондой эле 150 окуучуга ылайык ашкана, спорт зал, мектеп сыртында футбол, волейбол аянттары курулуп, спорттук шаймандар менен камсыздалды. Имарат айланасы корулуп, брусчатка төшөлүп, жашылдандырылды. Бул үчүн республикалык бюджеттен 300 миллион сомго чукул каражат сарпталды.
Мектеп райондогу жалгыз орус тилдүү мектеп болгондуктан район борборуна жакынкы айылдардан да окуучулар келип билим алгандыктан 1600 окуучу бар.
Буга чейин окуучулар 2008-жылы жеңил конструкция менен курулган имаратта окуп келишкен. Имарат кышкысын суук, жайкысын ысык болгондуктан 2023-жылы авариялык абалда деп табылган.


