Манас шаарында турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишканага 35 миң сом айып пул салынды
Новость

Манас шаарында турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишканага 35 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Манас шаары-Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы Манас шаардык мэриясына түшкөн арыздын негизинде текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Башталыш Гранд" ишканасынын курулушуна жакын жайгашкан турак үйдүн үстүнөн жүк өткөрүлгөнү аныкталган.

Бул факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарына ылайык, ишканага 35 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзам талаптарын сактоо боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.