Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, белгилүү калемгер, публицист жана журналист Калканбай Ашымбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2026-жылдын 25-августунда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков , Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Асылбек Өзүбеков катышып, маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, коштошуу зыйнатында сөз сүйлөдү.
Калканбай Ашымбаев кыргыз адабияты менен журналистикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү калемгерлердин бири. Ал СССР Журналисттер союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болуп, көп жылдар бою проза, публицистика жана фельетон жанрларында үзүрлүү эмгектенген.
Калканбай Ашымбаев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ардагери, Эл агартуунун отличниги наамдарына татыган.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатынан соң маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.









