Ош: Кара-Сууда асфальт төшөө иштериндеги кемчиликтер боюнча чара көрүлдү
Новость

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан Кара-Суу шаарындагы жол куруу иштерине байланыштуу жарандардын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында асфальт төшөө иштеринин сапаты белгиленген талаптарга жооп бербей, айрым жерлерде асфальт катмарынын сыйрылып, көчүп жатканы жана технологиялык талаптардын сакталбагандыгы аныкталды.

Белгилей кетсек, аталган жолдор Аматов көчөсү 2, 4, 6, 8 жана 86 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын көрктөндүрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу долбоорунун алкагында курулууда.

Аныкталган кемчиликтер боюнча жол куруу иштерин жүргүзүп жаткан “Ош Спец Строй” ЖЧКсына тиешелүү акт түзүлүп, кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Ошондой эле ишканага 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, административдик чара көрүлдү.