УКМК: Чүй облусунда Министрлер Кабинетине караштуу ЖАМКтын мекемесинин жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалды
Новость

Чүй облусунда Министрлер Кабинетине караштуу ЖАМКтын мекемесинин жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда 2026-жылдын 25-августунда козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын кызматкерлери КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында ЖАМКнын №19 мекемесинин жетекчиси кармалды.

1982-жылы туулган аскер кызматынын майору Ж.М.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган - пара талап кылууга шектелүүдө. Ал 2025-жылдын февраль айынан тартып соттолгон адамдын жакын туугандарынан телефон аркылуу сүйлөшүүгө жана жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн системалуу түрдө акча каражатын талап кылып келген.

Ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча каражаттары «MBANK» мобилдик тиркемеси аркылуу акча которуу жолу менен алынганы аныкталган.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында кармалган Ж.М.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда жасалган кылмыштын бардык жагдайларын, алынган акча каражаттарынын көлөмүн, мыйзамсыз ишмердүүлүктүн мүмкүн болгон башка эпизоддорун, ошондой эле аталган фактыларга тиешеси болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоого багытталган зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.