Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдөгү спорттук объекттер иш-чараларды өткөрүүгө даяр
Новость

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук мелдештер 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусундагы беш негизги локацияда өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы спорттук локациялары:

Чолпон-Ата шаарындагы ипподром: улуттук ат чабыштар жана оюндардын жабылыш аземи өтөт.

"Көк бөрү" аренасы: көк бөрү, эр эңиш, тыйын эңмей жана көкпар боюнча мелдештер өтөт.

"Газпром" (Чолпон-Ата шаары.): улуттук күрөш түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

Кырчын жайлоосу: ордо, узак аралыкка ат чабыш, күч спортунун түрлөрү жана салбуурундун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

"Евразия" мейманканасы: улуттук интеллектуалдык оюндар (тогуз коргоол, овари, мангала) боюнча мелдештер өтөт.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында мелдештер жалпысынан спорттун 42 түрү боюнча өткөрүлөт. Аларга Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн келген спортчулар катышат.