Бишкек шаарында бир катар көчөлөрдүн аталышы өзгөртүлдү. Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, мындай чечим Бишкек шаардык кеңешинин 31-майда кабыл алган токтомунун негизинде кабыл алынган.
Токтомго ылайык, бир нече көчөнүн аталышы бир аталышка бириктирилди.
Учурда жаңы аталыштарга ылайык шаардагы даректик маалыматтарды өзгөртүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иштер аяктагандан кийин көчөлөрдүн жаңыланган аталыштары жана даректери электрондук карталардагы маалыматтарга да киргизилет. Атап айтканда, маалыматтар "2ГИС" жана "Яндекс Карталар" сервистеринде жаңыртылат.