Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызматтары 1-сентябрдан баштап 6-сентябрга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги түйүндөрүндө иштейт:
Алар:
- Өрнөк айылындагы Көчмөндөр цивилизациясы музейинде
- Рух Ордо
- Ипподром жана ДЧК (дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплекси)
- Дордой Номад
- Кырчын
Эң эле масштабдуу медициналык камсыздоо 100 миң адамдын келиши күтүлүп жаткан Кырчын капчыгайына жайгаштырылат. "Эгерде сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз, абалыңыздын начарлашын күтпөңүз. Жакын жердеги медицина кызматкерлерине кайрылыңыз", - деп айтылат маалыматта.