25-августта АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештерге катышуу үчүн Бишкекке келди. Команданы Көк бөрү боюнча эл аралык федерациянын башкы катчысы Кувватбек Аскарбеков жана уюмдун өкүлдөрү тосуп алышты.
АКШ курамасында 9 оюнчу бар, команданын капитаны Ледда Фоувел.
Америкалык команда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 31-августта өтө турган ачылыш аземи өтчү "Бишкек-Аренага" жөнөдү. Спортчулар 26-августта Чолпон-Ата шаарына жол тартышат. Ал жакта команда машыгуу иштерин өткөрөт.
АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 2014-жылдан бери катышып келет. Бул жолку сапарын Көк бөрү боюнча эл аралык федерация каржылады.