Агартуу министрлиги мамлекеттик электрондук күндөлүк боюнча түшүндүрмө берди
Новость

Агартуу министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган маалыматтарга жана "Күндөлүк" жеке системасын иштеп чыгуучулардын мамлекеттик электрондук күндөлүк системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча тендерге байланыштуу билдирүүсүнө түшүндүрмө берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, мамлекеттик билим берүү уюмдарында ата-энелерден акча чогултуунун бардык түрүнө катуу тыюу салынат. Мамлекеттик электрондук күндөлүк ата-энелер үчүн толугу менен акысыз болуп, үй-бүлөлөргө кошумча финансылык жүк жаратпайт.

Министрлик 137,4 млн сомдук келишим электрондук күндөлүктү гана түзүүгө багытталган деген маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

Аталган келишимдин алкагында бирдиктүү санариптик билим берүү комплекси түзүлүүдө. Анын курамына:

  • мамлекеттик электрондук күндөлүк жана электрондук журнал;
  • 12 миңден ашуун интерактивдүү окуу жана усулдук ресурстарды камтыган «Санарип кампа» улуттук билим берүү контентинин репозиторийи;
  • педагогдордун квалификациясын жогорулатууга арналган «Устат» платформасы;
  • башталгыч кесиптик билим берүү системасы үчүн санариптик чечим;
  • "Тунгуч" онлайн-мектебинин платформасы кирет.

Мындан тышкары, система ПИН-сервис, мектепке электрондук каттоо, "Мугалим", "Аттестат", ББМС жана башка мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланат.

Министрликтин маалыматына караганда, "Э-Күндөлүк"  АМСти иштеп чыгуу жалпы иштердин көлөмүнө киргизилип, өзүнчө кошумча бюджет каралган эмес. Ошондуктан 137,4 млн сомду электрондук күндөлүктү түзүүгө гана жумшалган каражат катары көрсөтүү туура эмес.

Мамлекеттик система киберкоопсуздуктун улуттук стандарттарына ылайык корголуп, бир катар негизги мамлекеттик маалымат базалары менен интеграцияланган. Бул окуучулардын жана ата-энелердин жеке маалыматтарын коргоого багытталган.

Платформаны мындан ары техникалык жактан коштоо, өнүктүрүү жана башкаруу мамлекеттик техникалык оператор "Түндүк" ААКка өткөрүлөт. Министрлик бул чечим жеке IT-иштеп чыгуучуларга көз карандылыкты жана билим берүү системасындагы санариптик сервистерди коммерциялаштыруу тобокелдиктерин азайтарын белгилейт.

Агартуу министрлиги мамлекеттик "Күндөлүк" системасы келечекте мектепке чейинки, мектептик жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги мамлекеттик санариптик билим берүү кызматтарын бириктирген базалык платформа болорун билдирди.