2026-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту.
Жолугушууда укуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу жана жазык сот адилеттигин мындан ары бекемдөө багытындагы кызматташтыктын негизги маселелери талкууланды.
Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүү жана кылмыштуу активдерди кайтаруу маселелерине көңүл бурулду.
Ошондой эле Кыргызстандын жазык сот өндүрүшү жаатындагы Европа конвенцияларына кошулуу маселеси талкууланып, прокурорлордун квалификациясын жогорулатуу жана алардын Европа Бирлигинин программаларына практикалык катышуусун кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.


