Дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук иш-чаралар болуп жаткан учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы расмий сайтына атайын баракчаларды ачып келет. Бул ирет VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да атайын баракча ачылды.
31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган дүйнөлүк масштабдагы спорттук иш-чарага байланышкан бардык кызыктарды ушул жерден таба аласыз.
Баракчада:
- оюндардын программасы;
- мелдештердин жыйынтыктары;
- медалдар таблицасы;
- спорттун түрлөрү жана алардын өзгөчөлүктөрү;
- көк бөрү, алыш, ат чабыш жана башка улуттук оюндар тууралуу маалымат;
- акыркы жаңылыктар;
- сүрөттөр, видеолор жана эксклюзивдүү материалдар;
- оюндар өтүүчү жайлар тууралуу маалыматтар жарыяланып турат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи 31-августта Бишкек шаарындагы "Бишкек Аренада" өтөт. Негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда уюштурулат.
Көчмөндөрдүн салтын, маданиятын жана спортун дүйнөгө тааныткан чоң майрамды УТРК менен бирге көз жаздымда калтырбаңыз!