Жалал-Абадда Ыдырыс-Ата тарыхый күмбөзүнүн эскиздик долбоору даярдалды
Новость

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылында жайгашкан Ыдырыс-Ата тарыхый-маданий зыярат жайын өнүктүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Долбоорду Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чаткал райондук башкармалыгы даярдаган.

Долбоордун алкагында жалпы аянты 1 гектар болгон тарыхый объекттин аймагын көрктөндүрүү, иретке келтирүү жана зыяратчылар үчүн зарыл инфраструктураны түзүү каралган.

Максат -тарыхый-маданий мурасты сактоо менен катар, зыяратчыларга жана туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү. Бул аймакта тарыхый жана маданий туризмди өнүктүрүүгө да өбөлгө болот.

Учурда Ыдырыс-Ата тарыхый күмбөзүнүн эскиздик долбоору тиешелүү кароо жана макулдашуу жол-жоболорунан өткөрүлүүдө.