Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот
Новость

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө, Кайназарова жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы коомдук мейкиндикти түзүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыгышты. Бул тууралуу курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундарынын муктаждыктарын эске алуу менен заманбап эс алуу жайын түзүү жана аймакты көрктөндүрүү каралган.

Анда балдар ойноочу аянтча, воркаут жайы, универсалдуу спорт аянтчасы, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар, унаа токтотуучу жай, жашыл газондор жана бак-дарактарды отургузуу каралган. 

Ошондой эле отургуч, таштанды урналарын, оюн жана спорттук жабдууларды, заманбап энергия үнөмдөөчү көчө жарыктарын орнотуу пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу аймактын архитектуралык жана ландшафттык көрүнүшүн жакшыртууга, жашылдандыруу деңгээлин жогорулатууга жана коопсуз коомдук мейкиндик түзүүгө шарт түзөт.

Учурда долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясына кароого өткөрүлүп берилди.

Аннотация 2026-08-26 150721.jpg 228.91 KB