2026-жылдын 2–5-сентябрь күндөрү Ч. Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Көчмөндөр санаты" эл аралык салттуу музыка фестивалы өтөт.
Төрт күндүн ичинде конокторду салттуу музыкага, манасчылык жана дастанчылык өнөргө, элдик кол өнөрчүлүккө жана ар түрдүү элдердин маданий мурастарына арналган мазмундуу маданий программа күтөт.
2-сентябрь - Дастан күнү ("дастанчылык өнөр").
Программада театралдаштырылган пролог, салттуу музыканын аткаруучуларынын "Ата-бабалардын изи" аттуу концерти, "Көчмөн шаңы" концерттик программасы, акындардын айтышы жана дастанчылык өнөр боюнча сынак өткөрүлөт. Ошондой эле "Комуз-Пирс" аянтчасында өнөрпоздордун аткаруулары, музыкалык жолугушуулар жана фестивалдын катышуучулары менен подкасттар уюштурулат.
3-сентябрь - Салттуу аспаптык музыка күнү.
Келүүчүлөр "Нарк өнөр" мектебинин салттуу кол өнөрчүлүгү жана өнөрү менен таанышып, мастер-класстарга жана интерактивдүү программаларга катыша алышат. Борбордук сахнада Кыргызстандын он салттуу оюну тууралуу "Көчмөндөр оюндары" аттуу кыска метраждуу тасмалар сериясынын бет ачары өтүп, кечинде салттуу музыканын аткаруучуларынын концерти уюштурулат. "Өнөр ордосу" амфитеатрында аспапта аткаруу боюнча сынак өтөт.
4-сентябрь - Ыр күнү ("вокалдык-аспаптык өнөр").
Бул күнү "Көчмөн уулу" концерттик программасы, элдик кол өнөрчүлүк боюнча көрсөтмөлөр, зергерчилик, ээр жасоо жана камчы өрүү боюнча мастер-класстар, ошондой эле салттуу оюндар жана интерактивдүү программалар тартууланат. Борбордук сахнада салттуу музыканын аткаруучуларынын кечки концерти өтөт.
5-сентябрь - Фестивалдын жабылышы.
Күн ичинде Ч. Айтматов атындагы залда "Нарк өнөр" мектебинин маданий программасы улантылат. Анда дастанчылардын өнөрү, улуттук кийимдердин дефилеси, зер буюмдар жана шурудан жасалган буюмдардын көргөзмөсү, ошондой эле интерактивдүү программалар уюштурулат.
Фестиваль салттуу музыканын аткаруучуларынын Гала-концерти, фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземи жана Гран-при сыйлыгын тапшыруу менен жыйынтыкталат.
Фестивалдын алкагында "Комуз-Пирс", "Билим казынасы" аянтчаларында жана "Мурас" студиясында күн сайын салттуу өнөрдүн презентациялары, джем-сейшндер, фотозоналар, үн жаздыруу жана подкасттар уюштурулуп, аларга Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат.