2026-жылдын 1-сентябрынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" ай сайынкы жөлөкпулун дайындоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган токтом аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жардам менен камтууну кеңейтүүгө, жөлөкпулдун даректүүлүгүн жогорулатууга жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоо механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган.
Жаңы тартипке ылайык:
— кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1 000 сомдон 1 500 сомго чейин көбөйтүлөт;
— жөлөкпулга муктаждыкты аныктоодо кошумча критерийлер киргизилет;
— жеңил автоунаанын пайдалануу мөөнөтү боюнча талап өзгөртүлөт. Тактап айтканда, чыгарылганына 15 жылдан ашкан жеңил автоунаасы бар үй-бүлөлөргө жөлөкпул алуу мүмкүнчүлүгү каралат. Буга акыркы жылдары күйүүчү майдын жана унааны оңдоо чыгымдарынын кымбатташы себеп катары көрсөтүлүүдө;
— эки жана андан көп турак жайга ээ болгон үй-бүлөлөр жөлөкпул алуудан четтетилет. Себеби кошумча турак жайды ижарага берүү потенциалдуу киреше булагы катары эсептелет;
— администрациялык-аймактык реформанын, ошондой эле айыл чарба продукциясынын учурдагы баалары менен чыгымдарынын негизинде айрым айыл аймактарында жер үлүштөрүнөн жана короо-жай участокторунан түшкөн кирешелердин нормативдери кайра каралат.
Өзгөртүүлөрдүн негизги максаты -мамлекеттик социалдык жардамды чындап муктаж болгон, аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө багыттоо жана жөлөкпул дайындоонун адилеттүү механизмин камсыз кылуу.