Бишкектин батыш тарабында жаңы коомдук эс алуу жайы түзүлөт
Новость

Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө, С. Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы коомдук мейкиндик түзүлөт. Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери аталган аймакты көрктөндүрүү жана заманбап эс алуу жайын түзүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыгышты.

Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

Анын алкагында:

— балдар ойноочу аянтча;

— воркаут зонасы;

— универсалдуу спорт аянтчасы;

— жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар;

— унаа токтотуучу жай;

— жашыл газондор жана бак-дарактарды отургузуу каралган.

Мындан тышкары, аймакка отургучтар, таштанды урналары, оюн жана спорттук жабдуулар, ошондой эле заманбап энергия үнөмдөөчү көчө жарыктары орнотулары пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу менен аймактын архитектуралык жана ландшафттык көрүнүшүн жакшыртуу, жашылдандыруу деңгээлин жогорулатуу жана шаар тургундары үчүн коопсуз, ыңгайлуу коомдук мейкиндик түзүү максатталууда.

Учурда эскиздик долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү райондук администрациясына кароого өткөрүлүп берилди.