Ошто билимди баалоонун жаңы борбору ачылды
Новость

Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземинде жаңы борбордун шарттары, заманбап компьютердик класстары жана тестирлөө системасынын иштөө тартиби көрсөтүлдү.

Жаңы тест борбору окуучулардын билим жетишкендиктерин заманбап талаптарга ылайык баалоого, билим сапатын жогорулатууга жана тестирлөө процессин ачык-айкын, ыңгайлуу жана сапаттуу уюштурууга багытталган.

Борбордун ачылышы Ош шаарындагы билим берүү тармагын санариптештирүү жана билимди баалоо системасын өркүндөтүү багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.