"Рух Ордо" маданий борборунда Көчмөндөрдүн VI дүйнөлүк оюндарынын алкагында масштабдуу фестиваль өтөт
Новость

"Рух Ордо" маданий борборунда Көчмөндөрдүн VI дүйнөлүк оюндарынын алкагында масштабдуу фестиваль өтөт

2026-жылдын 2-5-сентябрында Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда Көчмөндөрдүн VI дүйнөлүк оюндарынын алкагында "Көчмөндөр санаты" эл аралык салттуу музыка фестивалы өтөт.

Төрт күнгө созула турган фестивалдын жүрүшүндө коноктор салттуу музыка, манасчылык жана дастанчылык өнөр, элдик кол өнөрчүлүк жана дүйнө элдеринин маданий мурастары менен тааныша алышат.

2-сентябрь - Дастан күнү.

Фестивалдын алгачкы күнүндө театралдаштырылган пролог, салттуу музыканын аткаруучуларынын "Ата-бабалардын изи" аттуу концерти жана "Көчмөн шаңы" концерттик программасы тартууланат. Ошондой эле акындардын айтышы жана дастанчылык өнөр боюнча сынак өткөрүлөт.

Мындан тышкары, "Комуз-Пирс" аянтчасында өнөрпоздордун аткаруулары, музыкалык жолугушуулар жана фестивалдын катышуучулары менен подкасттар уюштурулат.

3-сентябрь -Салттуу аспаптык музыка күнү.

Бул күнү "Нарк өнөр"  мектебинин салттуу кол өнөрчүлүгү жана өнөрү көрсөтүлүп, мастер-класстар жана интерактивдүү программалар өткөрүлөт.

Борбордук сахнада Кыргызстандын он салттуу оюну тууралуу "Көчмөндөр оюндары" кыска метраждуу тасмалар сериясынын бет ачары өтөт. Кечинде салттуу музыка аткаруучуларынын концерти уюштурулуп, "Өнөр ордосу" амфитеатрында аспапта аткаруу боюнча сынак өткөрүлөт.

4-сентябрь -Ыр күнү.

Программада "Көчмөн уулу" концерттик программасы, элдик кол өнөрчүлүктүн көргөзмөлөрү жана зергерчилик, ээр жасоо, камчы өрүү боюнча мастер-класстар уюштурулат.

Ошондой эле коноктор үчүн салттуу оюндар жана интерактивдүү программалар өткөрүлүп, күн соңунда борбордук сахнада салттуу музыка аткаруучуларынын концерти тартууланат.

5-сентябрь -Фестивалдын жабылышы.

Фестивалдын акыркы күнүндө Чыңгыз Айтматов атындагы залда "Нарк өнөр" мектебинин маданий программасы уланат. Анда дастанчылардын өнөрү, улуттук кийимдердин дефилеси, зер буюмдар жана шурудан жасалган буюмдардын көргөзмөсү тартууланып, интерактивдүү программалар уюштурулат.

Фестиваль салттуу музыка аткаруучуларынын Гала-концерти, салтанаттуу жабылыш аземи жана Гран-при сыйлыгын тапшыруу менен жыйынтыкталат.

Мындан тышкары, фестивалдын бардык күндөрүндө "Комуз-Пирс", "Билим казынасы" аянтчаларында жана "Мурас" студиясында салттуу өнөрдүн презентациялары, джем-сейшндер, фотозоналар, үн жаздыруу жана подкасттар уюштурулат.

Аталган иш-чараларга Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн салттуу өнөр өкүлдөрү катышат.

Фестиваль көчмөн элдердин маданий мурасын кеңири жайылтууга, салттуу өнөрдү муундан муунга өткөрүүгө жана эл аралык маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.