2026-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан бир катар чечимдер кабыл алынды.
Тактап айтканда, "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө" токтомго өзгөртүүлөр киргизилди.
Өзгөртүүгө ылайык, эскилиги жеткен, анын ичинде 2006-жылга чейин чыгарылган үлгүдөгү АКШ долларларын башка нак АКШ долларларына жана/же нак эмес АКШ долларларына алмаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алып чыгууга берилген уруксаттын мөөнөтү 2027-жылдын 1-мартына чейин узартылды.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө" токтом күчүн жоготкон деп таанылды.
Ушуга байланыштуу кыргыз сомуна карата нак казак теңгесин сатып алуу курсун белгилөөдө расмий курстун 70 пайызынан ашпаган өлчөмдөгү тобокелдикти өлчөө коэффициентин эске алуу боюнча мурдагы чектөөлөр да күчүн жоготту.
Тиешелүү токтомдордун электрондук версиялары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтындагы "Банк иши тууралуу мыйзамдар" - "Улуттук банк Башкармасынын токтомдору" бөлүмүндө жайгаштырылган.