УКМК Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата көзөмөлдү күчөттү
Новость

2026-жылдын 26-августунда УКМКга уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрү катары ыкчам каттоодо турган бир катар адамдар жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жеткирилген адамдар менен түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү. Башкармалыктын жетекчилиги кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрүнө төмөндөгүлөргө жол берилбестиги тууралуу расмий эскертти:

• ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерди кайрадан жандандырууга;
• кылмыштуу чөйрө менен байланыштарды сактоого;
• "уурулар идеологиясы" деп аталган түшүнүктү жайылтууга жана үгүттөөгө.

"Жарандарга басым көрсөтүү, опузалап талап кылуу, шантаж кылуу же кылмыштуу салттарды кайра жандандыруу аракеттеринин баарына тез арада жана өтө катаал түрдө бөгөт коюлат. Мыйзам бузулган ар бир фактыга катуу укуктук баа берилип, күнөөлүү адамдар КРнын кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагында жоопкерчиликтин эң жогорку чегине тартылат", - деп айтылат маалыматта.