Гималайдагы суу ташкынынан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда
Новость

Гималай аймагында болгон ири суу ташкыны жана жер көчкүдөн жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары бар-жогу такталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кырсык Непал менен Кытайдын чек арасына жакын аймакта катталган. Табигый кырсыктын кесепетинен калктуу конуштар, жолдор жана көпүрөлөр жабыркап, көптөгөн адамдар дайынсыз болууда.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Непалдын Расува районундагы суу ташкынынан 150дөн ашуун адам каза болгону кабарланууда. Ошондой эле жүздөгөн адамдар дайынсыз экени айтылууда. Алардын арасында чет өлкөлүк жарандар да бар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырсык болгон аймактагы кырдаалды көзөмөлдөп, кыргызстандыктардын арасында жабыркагандар бар-жогун тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Министрлик такталган маалымат кошумча берилерин билдирди.