31-августта "Бишкек Аренага" кантип жетүүгө болот: 21 пункттан акысыз шаттл-автобустар каттайт
Новость

2026-жылдын 31-августунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине келген көрүүчүлөр үчүн Бишкектин ар кайсы аймактарынан «Бишкек Аренага» акысыз шаттл-автобустар каттайт.

Шаттл-автобустар саат 14:00дөн 16:00гө чейин 21 жөнөө пунктунан чыгат. Ар бир пункттан "Бишкек Аренага" жөнөгөн акыркы автобус саат 16:00дө каттайт.

Акысыз шаттл-кызматты VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билети же иш-чарага чакыруусу бар көрүүчүлөр пайдалана алышат.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:

  1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши — мурдагы Батыш автобекети;
  3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 — Киркомстрой;
  4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 — Асанбай кичи району;
  5. Ак-Кула автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13B/1;
  6. Ауэзов көчөсү, 4 — Аламүдүн-1 кичи району;
  7. Тунгуч кичи району, 64/1 — акыркы аялдама;
  8. Аул көчөсү, 10A/1 — Кожзавод;
  9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 — мурдагы Чыгыш автобекети;
  10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши — Көк-Жар конушу;
  11. Алтымышев көчөсү, 98/1;
  12. Байтик айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 — «Глобус»;
  13. Эркиндик бульвары, 1/A — Темир жол бекети;
  14. Иманалы Айдарбеков көчөсү, 287 — мурдагы Жаш Гвардия бульвары;
  15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 — Жаштар кварталы;
  16. Шабдан Баатыр көчөсү, 52 — азыркы Чүй проспектиси, ДЭПО-2;
  17. Москва көчөсү, 239 — №4 электр автобустун ДЭПО-1 акыркы аялдамасы;
  18. Дэн Сяопин проспектиси, 209 — азыркы Чүй проспектиси;
  19. Тимур Фрунзе көчөсү — Айыл чарба институту;
  20. Ала-Тоо көчөсү, 115 — Ала-Тоо конушу;
  21. Тыналиев көчөсү, 16.

Ачылыш аземи аяктагандан кийин көрүүчүлөр шаарга кайтуу үчүн "Бишкек Аренага"  келген багыты боюнча ошол эле каттамдарда жүргөн шаттл-автобустарды пайдалана алышат.

Бишкек мэриясы көрүүчүлөрдү акысыз шаттл-транспорттун кызматынан пайдаланууга чакырат. Ошондой эле иш-чарага өз убагында жетип, ачылыш аземи башталганга чейин өз орундарын ээлөө үчүн жөнөө пункттарына алдын ала келүү сунушталат.