Бишкекте миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоого багытталган "Нелегал" рейди өткөрүлдү. Иш-чара 5–19-август аралыгында УКМК жана Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Рейд учурунда 156 чет өлкөлүк жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында 97 административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 1 млн 148,5 миң сом айып пул салынган.
Мындан тышкары, 20-августта "Нелегал Мото-курьер" аталышындагы атайын рейд өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө 48 чет өлкөлүк жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 33 административдик протокол түзүлгөн. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 322 миң сомду түзгөн.
Ошондой эле рейддин жүрүшүндө 10 мототранспорт каражаты жана 2 электр велосипеди милицияга киргизилген.
УКМКнын маалыматына караганда, миграциялык мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө боюнча иштер улантылууда.



