УТРК менен Кытайдын медиакорпорациясы кызматташтыкты күчөтүүдө
Новость

Кыргызстан менен Кытай экономика жана саясат багытында гана эмес, маалымат мейкиндигинде да кызматташтыкты бекемдеп жатат. Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) менен Кытайдын медиакорпорациясы өз ара байланышты кеңейтип, даяр контент менен алмашууну, эки өлкөнүн маданияты, жашоосу жана окуялары менен аудиторияны тааныштырууну пландаштырууда. Бул багыттагы алгачкы жыйынтыктар буга чейин эле көрүнө баштады.

Ийгиликтүү тажрыйба жана жаңы багыттар

Ведомстволор ортосундагы кызматташтык ырааттуу өнүгүп, өзүнүн практикалык натыйжаларын берүүдө. 

"Өткөн жылы үч даректүү тасма тартылган. Алар кытай тилине которулуп, Кытайдын үч телеканалынан көрсөтүлдү. Бүгүнкү күндө бул материалдар ошондой эле аба каттамдарында жүргүнчүлөргө да көрсөтүлүп жатат. Албетте, бул жакшы жыйынтык", — деп белгиледи УТРКнын башкы директору Уланбек Сатиев.

Мунун аркасында ата мекендик контент чет өлкөдө жаңы жана кеңири аудиторияга ээ болууда. Өз кезегинде Кытай тарап да өз медиапродукцияларынын Кыргызстандын медиамейкиндигиндеги ордун кеңейтүүгө кызыкдар. Тараптардын планында материалдар менен туруктуу алмашуу, кесиптик байланыштарды бекемдөө жана медиаконтентти өндүрүү жана таратуу тармагында тажрыйба бөлүшүү бар.

"Биз кыргызстандык кесиптештер менен кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдарбыз. Медиаконтент алмашуу көрүүчүлөрүбүзгө бири-бирин, маданиятын жана жашоосун жакшыраак таанып-билүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз", — деди Кытай медиакорпорациясынын Евразия бюросунун директору Ван Бинь.

Котормосуз түшүнүктүү бий тили

Эч кандай котормосуз эле маданият адамдарды бириктире аларын иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү дагы бир жолу далилдеди. Кызматташтык келишимине кол коюунун урматына эки өлкөдөн келген жаш бийчи кыздар бир сахнага чыгып, биргелешкен номер тартуулашты.

"Биз бул номерге бир эле апта даярдандык, бирок бий аркылуу Бишкектен келген кыздар менен жалпы тил таба алдык", — деп бөлүштү бийчилер Дин Жуюэ, Ян Цяньсюнь жана Янь Шуяo.

Тилдер ар башка, маданияттар түрдүү болгону менен жакын болууга деген каалоо - экенибизге орток.