Кыргызстанда кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте асма жолдорду чогултуучу цех ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Берекет консалт" компаниясынын директору Назим Султаналиев Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз-Кытай инвестициялык форумунун алкагында журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, долбоор Талас облусунда ишке ашырылууда. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Жакын арада тиешелүү жабдууларды жеткирүү башталат.
"Кыргызстанда кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте аркан жолдорун чогултуучу цех түзүү пландалууда", - деди Назим Султаналиев.
Ошондой эле долбоордун алкагында асма жолдордун айрым бөлүктөрүн Кыргызстанда өндүрүп, аларды Казакстанга, Өзбекстанга жана Орусияга экспорттоо каралып жатканы айтылды.