Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында 500 орундуу И. Арабаев атындагы жаңы мектеп курулуп бүттү. Билим берүү мекемеси сентябрь айында пайдаланууга берилет.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2023-жылдын октябрь айында башталган.
Учурда курулуш иштери толугу менен аяктап, мектеп жаңы окуу жылында окуучуларды кабыл алууга даяр.
Үч кабаттуу заманбап мектептин жалпы аянты 4 136 чарчы метрди түзөт. Анда окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинети, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана бардык шарттары түзүлгөн спорт залы бар.
Ошондой эле мектептин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол ойноого, ошондой эле машыгууга арналган аянтчалар курулган.
Жаңы мектептин пайдаланууга берилиши менен окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана мектептеги орун тартыштыгын азайтууга өбөлгө түзүлөт.







