Асан Жанышов Польшадагы эл аралык мелдеште алтын медаль жеңди
Новость

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Польшада өтүп жаткан "Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open 2026" эл аралык мелдешинде алтын медаль тагынды.

87 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан балбан финалдык беттеште Армениянын өкүлү Геворг Тадевосянды 6:0 эсебинде жеңип, турнирдин чемпиону аталды.

Белгилей кетсек, мелдеш Польшанын борбору Варшава шаарында өтүп жатат жана 30-августка чейин уланат.

Кыргызстандын атынан мелдешке грек-рим күрөшү боюнча тогуз балбан катышууда.