Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу жаңы бала бакча толук курулуп бүттү. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерине 48,8 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоорго ылайык, бала бакча заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имараттан турат. Анда балдар үчүн бардык шарттар түзүлүп, керектүү жабдуулар менен камсыздалды. Бөбөктөрдүн уктоосу, тарбиялык сааттарды өттүү жана ойноосу үчүн атайын бөлмөлөр каралган.
Имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштеринин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, аткарылган иштердин сапаты жана ар бир этаптын талапка ылайык жүргүзүлүшү текшерилди.