28-августка караган түнү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга алгачкы спорттук делегация келди. Делегациянын курамында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчулар жана команданын өкүлдөрү бар.
Спорттук делегацияны Манас Эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тосуп алышты.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышат.