Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – спорттун жана ден соолуктун аймагы
Новость

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын №121 Мыйзамынын талаптарын сактоого чакырат.

Мыйзамга ылайык, имараттардын жана орун-жайлардын ичинде, стадиондордун аймагында, ошондой эле ачык аянтчаларда маданий-массалык жана спорттук иш-чараларды өткөрүү учурунда тамеки чегүүгө тыюу салынат.

Тамеки чегүүгө атайын бөлүнгөн жайлар гана өзгөчө болуп саналат.

Министрлик жарандарды коомдук жайларда белгиленген талаптарды сактоого, өзүнүн жана айланасындагылардын ден соолугуна кам көрүүгө чакырат.