Таластын Ак-Жар айылындагы жаңы мектеп жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет
Новость

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу корпусу курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, республикалык бюджеттен каржыланды. Объекттин наркы 57 миллион сомду түзөт.

Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Анда заманбап окуу класстары, химия жана биология сабактары үчүн лабораториялар, китепкана, ашкана, эмгек класстары жана жыйындар залы каралган.

Долбоорду ишке ашыруу аймактагы инфраструктураны жакшыртууга багытталган. Мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет.