Балдар кубанычы: Таласта 150 орундуу жаңы мектеп корпусу курулду
Новость

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу корпусу курулду.

Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, республикалык бюджеттен каржыланды. Объекттин жалпы наркы 57 миллион сомду түзөт.

Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр. Анда заманбап окуу класстары, химия жана биология сабактары үчүн лабораториялар, китепкана, ашкана, эмгек класстары жана жыйындар залы жайгашкан.

Жаңы окуу корпусунун курулушу айылдагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга жана окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.

Имарат жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет.