2026-жылдын 1-сентябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны жана "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт.
Саммитке Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле ШКУнун өнөктөш өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү катышат.
Алардын арасында Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит жана Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан бар. Ошондой эле Того жана Мисирдин жогорку даражалуу өкүлдөрү катышат.
Эл аралык уюмдардан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедев, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев жана башка жетекчилер катышары күтүлүүдө.
Жыйында эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ШКУну мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, санариптик, экологиялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат.
Саммиттин жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына кол коюу пландалууда. Мындан тышкары, көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтер жана чечимдер кабыл алынат.
"ШКУ плюс" форматындагы жолугушууда БУУнун эл аралык мамилелердеги координациялоочу ролун бекемдөө, эл аралык укукту сактоо, туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот.
Алдыдагы саммит Кыргызстандын ШКУга 2025-2026-жылдардагы төрагалыгынын негизги жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп саналат. Кыргызстан төрагалыгын "ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай" деген ураандын алдында жүргүзүүдө.