Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет
Новость

Кыргызстанга  расмий делегациялардын келүүсүнө жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу 30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Бишкек шаарында чектөөлөр "Манас" эл аралык аэропортунан жана Васильевский трактындагы каттамдарда, ошондой эле Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө киргизилет. Мындан тышкары, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев проспектилеринде кыймыл убактылуу чектелет.

Чүй облусунда расмий делегациялардын жүрүү маршруттарына жана иш-чаралар өтүүчү жерлерге жараша айрым автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө чектөөлөр коюлат.

Ысык-Көл облусунда да бир катар жол тилкелеринде, анын ичинде "Тамчы" эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майданынын аймагында жана Кырчын капчыгайына баруучу жолдо кыймыл убактылуу чектелет.

Ички иштер министрлиги жарандардан жана өлкө конокторунан киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, жол кыймылындагы өзгөрүүлөрдү эске алууну өтүндү.

Кыймылга киргизилген чектөөлөр жолдо жүрүү убактысынын узарышына жана унаа тыгындарынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн.

Жарандарга жүрүү маршруттарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүк болсо коомдук транспортту пайдалануу сунушталат.

ИИМ коомдук коопсуздукту камсыз кылууга түшүнүү менен мамиле жасап, көмөк көрсөтүп жаткан жарандарга ыраазычылык билдирди.


e241c1c7-543a-481b-ae84-1562fda8c7bf.jpg 188.83 KB