УТРКда эл аралык медиа кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган иш-чара өтүүдө
Новость

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) имаратында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин, диалог боюнча өнөктөш жана достук мамиледеги өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык медиа иш-чара өтүүдө.

Жолугушууга Кытай, ШКУга мүчө жана өнөктөш мамлекеттердин, ошондой эле башка достук мамиледеги өлкөлөрдүн медиа тармагынын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты – эл аралык медиа коомчулуктун ортосунда кесиптик байланыштарды чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана маалымат каражаттарынын ортосундагы кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоо.

Жолугушууда заманбап медианын өнүгүү тенденциялары, санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана нейрон тармактарын медиада колдонуу, контенттин аныктыгын камсыз кылуу, киберкоопсуздук жана аудиториянын ишенимин сактоо маселелери талкууланат 

УТРК үчүн эл аралык медиа кызматташтык – ишмердүүлүктүн маанилүү багыттарынын бири. Корпорация чет өлкөлүк медиа уюмдар менен тажрыйба алмашууга, биргелешкен контенттерди өндүрүүгө жана заманбап медиатехнологияларды өздөштүрүүгө кызыкдар.

Иш-чаранын катышуучуларынын пикир алышуусу медиа тармагындагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

УТРКда өтүп жаткан бүгүнкү жолугушуу эл аралык медиа кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү аянтча болууда.