УТРК жана CMG: "Алысты көздөгөн үндөрдүн гармониясы, өнүгүүнүн жаңы жолу" аттуу эл аралык иш-чара өтүүдө
Новость

УТРК жана China Media Group менен биргеликте уюштурулган "Алысты көздөгөн үндөрдүн гармониясы, өнүгүүнүн жаңы жолу" аттуу эл аралык иш-чара өтүп жатат.

Учурда Кыргызстандын борбор калаасында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин, достук мамиледеги өлкөлөрдүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн алдыңкы медиа жетекчилери жана өкүлдөрү баш кошуп, заманбап медианын өнүгүүсү, маалыматтык кызматташтык жана жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу пикир алмашууда.

Иш-чаранын маанилүү конокторунун бири — Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары, партиялык топтун катчысы, Кытайдын Борбордук радио жана телевидение башкармалыгынын (CMG) төрагасы, ККП БКнын мүчөсү Шэнь Хайсюнь.

CMG сыяктуу дүйнөдөгү ири медиа түзүмдөрдүн бири менен кызматташуу УТРК үчүн чоң мааниге ээ. Бул  тажрыйба алмашуу, сапаттуу контент түзүү, биргелешкен медиадолбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы технологияларды өздөштүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат.

Бүгүнкү иш-чара Бишкектин эл аралык медиа диалог үчүн маанилүү аянтчага айланып баратканын дагы бир ирет далилдеп турат.

УТРКнын атынан бардык чет өлкөлүк кесиптештерибизди жана өнөктөштөрүбүздү Кыргызстанда тосуп алып жатканыбызга кубанычтабыз.

MW4A17021.JPG 8.63 MB

Диалог бар жерде - жаңы идеялар, өнөктөштүк жана өнүгүү бар.