29-августта Бишкекке атактуу спортчу, күрөштүн бардык түрү боюнча тарыхтагы алгачкы олимпиада чемпиону (2008, 2012, 2016, 2020, 2024) жана дүйнөнүн 5 жолку чемпиону Михаин Лопес Нуньес келди.
Ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына атайын конок катары чакырылган спортчуну Алыш Федерациясынын президенти Адилет Баяман уулу жана федерациянын мүчөлөрү тосуп алышты.
"Мындай атактуу спортчунун келиши өлкө үчүн маанилүү окуя болуп, салт-санааны, маданиятты жана дүйнө элдеринин спорттук мурасын бириктирген алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык жогорку деңгээлин дагы бир ирет айгинеледи", - деп айтылат маалыматта.