Ак-Бууранын жээгинде Ош шаарындагы эң чоң сейил бак ачылды
Новость

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында 15 гектар аянтты ээлеген жаңы заманбап сейил бак пайдаланууга берилди. Бактын аймагы жашылдандырылып, түрдүү гүлдөр отургузулган. Ошондой эле эстетикалык инсталляциялар жана декоративдүү жарыктандыруулар орнотулуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн үй-бүлө менен эс алууга ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Сейил бактын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар делегациясы жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты.

Марлен Маматалиев шаардагы инфраструктура калктын санына жана заманбап талаптарга ылайык өнүгүшү керектигин белгиледи.

Ал эми Жанарбек Акаев коомдук мейкиндиктерди көбөйтүү боюнча иштер улана турганын билдирди. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен Ош шаарына 10 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Каражат Ак-Буура дарыясынын жээктерин тазалоого, шаардын инфраструктурасын жаңыртууга, жашылдандырууга жана аймактарды көрктөндүрүүгө багытталууда.