Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Мадина" базарындагы өрт боюнча бардык тиешелүү иштер көзөмөлдө экенин билдирди.
Анын айтымында, кырсыктан жабыркаган соодагерлердин абалы дыкат иликтенгенден кийин аларга тиешелүү жардам көрсөтүлөт.
Ошондой эле өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн базардагы видеокөзөмөл камераларына түшүрүлгөн бардык жазуулар алынганы маалымдалды. Тиешелүү кызматтар учурда окуянын себептерин аныктоо иштерин жүргүзүүдө.