Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин келди
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана башка иш-чараларга катышат.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын алдыдагы мамлекеттик сапары бекем достук, өз ара ишеним жана колдоого негизделген кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоодо маанилүү кадам болуп калат.