30-августта, Эл аралык Көк-Бөрү федерациясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келген улуттук курама командалардын урматына жолугушуу жана сый тамак уюштурду.
Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Орусия, Венгрия жана АКШнын улуттук курамаларынын оюнчулары катышты.
Спортчулар менен бирге иш-чарага Эл аралык Көк-Бөрү федерациясынын президенти Талантбек Кенжеев, вице-президенти Илгиз Төлөбай уулу жана башкы катчысы Кувватбек Аскарбеков катышты.
Ошондой эле Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, Чолпон-Ата шаарынын мэри Рустам Кадыркулов жана Чолпон-Атадагы ат майдандын директору Манас Акматбеков конок катары чакырылды.
Иш-чаранын алкагында өнөрпоздордун катышуусунда концерттик программа тартууланып, командалардын өкүлдөрүнө жана спортчуларга эстелик белектер тапшырылды. Мындан тышкары, улуттук курама командалардын расмий оюн формалары берилди.
Эл аралык Көк-Бөрү федерациясы үчүн башкы мелдештердин алдында ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн бир дасторкондо чогулушу өзгөчө мааниге ээ. Анткени спортчулар бул жерде талаадагы атаандаштар гана эмес, көк бөрүгө болгон жалпы сүйүү жана урмат бириктирген эл аралык спорттук үй-бүлөнүн мүчөлөрү катары баш кошту.
Эл аралык Көк-Бөрү федерациясы Кыргызстанга келген бардык улуттук курама командаларды жылуу тосуп алып, спортчуларга татыктуу таймаш, кызыктуу оюн жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан унутулгус таасир каалайт.
Көк-Бөрү боюнча мелдештер 2-сентябрда башталат.