Бишкекте көк бөрү мелдешинин калыстары үчүн эл аралык семинар башталды
Новость

Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде көк бөрү боюнча эл аралык окуу-көнүгүү семинары башталды. Ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Ооганстан жана Орусиядан 16 калыс катышууда.

Семинарды Эл аралык Көк Бөрү федерациясы уюштурду. Сабактарды Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары Улан Алимов баштаган топ жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы калысы Эржигит Усаров өткөрүүдө.

Семинардын расмий бөлүгүн Эл аралык Көк Бөрү федерациясынын башкы катчысы Кувватбек Аскарбеков ачты. Ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү тууралуу айтып, эл аралык мелдештерде жогорку квалификациялуу жана калыс калыстыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын алкагында калыстар кесиптик билимин жогорулатып, экзамен тапшырышат. Анда калыстардын оюндардагы жоопкерчилигине, эрежелерди так сактоого жана көк бөрү боюнча мелдештерде калыстыкты камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.

Семинардын программасында көк бөрүнүн жалпы эрежелери, калыстык кылуунун усулдары, уруксат берилген жана тыюу салынган ыкмалар боюнча теориялык сабактар каралган. Мындан тышкары, катышуучулар практикалык көнүгүүлөргө да катышат.

Семинардын жыйынтыгында экзамендерди ийгиликтүү тапшырган калыстарга эл аралык деңгээлдеги квалификациясын тастыктаган сертификаттар тапшырылат. Бул аларга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдештерде калыстык кылууга мүмкүнчүлүк берет.