Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Бул майрам кыргыз элинин эгемендик жолун тандаганын, социалдык-экономикалык өсүшкө, мамлекеттүүлүктү чыңдоого жана жарандардын бакубатчылыгын жогорулатууга умтулуусун айгинелейт.
Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркынын жогору экенин тастыктады.
Беларусь тараптын кыргызстандык өнөктөштөрүнө көрсөткөн колдоосу өз ара ишенимди бекемдеп, эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин дагы бир ирет көрсөттү. Элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар көп тармактуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана биргелешкен интеграциялык демилгелерди ишке ашырууга бекем негиз болот деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.