Пакистандын Президенти Асиф Али Зардари Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Новость

Пакистандын Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Пакистан Кыргыз Республикасы менен жалпы тарыхка, маданий жакындыкка, өз ара ишенимге жана тыгыз кызматташтыкка негизделген жакын жана достук мамилелерин жогору баалайт.

2026-жылдын июль айында Сиздердин кооз өлкөңүздөргө жасаган сапарым, 1995-жылдагы буга чейинки сапарым тууралуу жылуу эскерүүлөрдү кайрадан жандандырып, эки тараптуу мамилелерибизди мындан ары чыңдоо үчүн дагы бир баалуу мүмкүнчүлүк түздү. Ошондой эле Улуу Мартабалуу Сиздин 2025-жылдын декабрь айында Пакистанга жасаган сапарыңызды жылуу сезимдер менен эскерем. Эки жолку сапардын алкагында өткөрүлгөн жемиштүү сүйлөшүүлөр өз ара кызыкчылык туудурган тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон жалпы умтулуубузду дагы бир жолу тастыктады.

Эки өлкөбүздүн өз ара кызыкчылыгы үчүн кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо максатында Улуу Мартабалуу Сиз менен тыгыз иш алып барууну улантууну чыдамсыздык менен күтөм”, - деп айтылат куттуктоодо. 

Асиф Али Зардари Мамлекет башчысына чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми боордош кыргыз элине мындан аркы тынчтыкты, өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады.