Мисир Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө байланыштуу, Улуу Даражалуу Сизге жана достук мамиледеги элиңизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду жана өлкөңүздүн өнүгүүсү жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн эң жакшы тилектеримди билдирем.
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Мисир Кыргыз Республикасы менен болгон жылуу мамилелерине чоң маани берерин тастыктап, эки боордош элдин бакубатчылыгы үчүн өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу байланыштарыбызды мындан ары бекемдөөгө болгон үмүтүмдү билдиргим келет”, - деп айтылат Мисир Араб Республикасынын Президентинин куттуктоо телеграммасында.
Абдель Фаттах Ас-Сиси Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.