АКШнын Президенти Дональд Трамп Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Новость

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Өткөн отуз беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасы эгемендүү жана көз карандысыз мамлекет катары өзүнүн өнүгүү жолун аныктап алды жана Америка Кошмо Штаттары Сиздерге өнөктөш жана достош болуп келатканына сыймыктанат.

Биздин өлкөлөр өз ара урматтоого, экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана аймактык коопсуздук менен туруктуулукка болгон жалпы умтулууга негизделген бекем мамилелерди курушту. 

“С5+1” сыяктуу форматтардын, ошондой эле соода, инвестиция жана коопсуздук тармактарындагы өсүп жаткан кызматташтыгыбыздын аркасында, мамлекеттерибиз элдерибиздин гүлдөп-өсүшүн камсыз кылуунун жаңы жолдорун таба беришет. 

Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын суверенитетин жана эгемендүүлүгүн мурдагыйдай эле бекем колдоп келет. Ушул маанилүү күндө мамлекеттерибиздин ортосундагы өнөктөштүктүн андан ары бекемделишине жана америкалык жана кыргыз элдеринин ортосундагы достуктун уланышына үмүтүмдү билдирем. 

Ушул майрамга карата эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.