Сауд Арабиясынын Падышасы Салман бин Абдульазиз Аль Сауд Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Новость

ауд Арабиясынын Падышасы Салман бин Абдульазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Өлкөңүздүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу Сауд Арабия Падышалыгынын элинин жана Өкмөтүнүн, ошондой эле жеке өзүбүздүн атыбыздан Улуу Мартабалуу Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай каалаган чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду зор кубаныч менен жолдойбуз. Ал эми боордош Кыргызстандын Өкмөтүнө жана элине мындан аркы өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү каалайбыз”, - деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.