Австриянын Президенти Александр Ван дер Беллен Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Новость

Австрия Республикасынын Президенти Александр Ван дер Беллен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата кубануу менен Сизге жана Кыргызстан элине эң жылуу куттуктоолорумду жана жакшы тилектеримди билдирем. 

Ушул жылдын июнь айында БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлоо учурунда көрсөткөн колдооңуз үчүн чын дилимден ыраазычылык билдиргим келет жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Кеңешке мүчө болуп шайланышы менен куттуктайм. Биздин өлкөлөрдүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинде биргелешип мүчө болушу, көп тараптуу, анын ичинде туруктуу тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн сонун мүмкүнчүлүк берет”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. 

Александр Ван дер Беллен Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине бактылуу жана гүлдөп-өнүккөн келечек каалады.